• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Орусия жогорку квалификациялуу адистер үчүн жарандык алуу шарттарын жеңилдетти

9 Тогуздун айы 2019 18:22 Бишкек Govori.TV

Квалификациялуу чет өлкөлүк жумушчулардын Орусия жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн шартта алуусу үчүн талап кылынган бул өлкөдөгү минималдык иштөө мөөнөтү үч жылдан бир жылга чейин кыскартылды. Жаңы федералдык мыйзам 2-октябрда күчүнө кирди.

Буга чейин чет өлкөлүк жумушчулар Орусияда жашап туруу укугуна ээ болуу үчүн алгач бул өлкөдө кеминде үч жыл жашап, андан кийин гана убактылуу жашоого уруксат алышы керек болчу.

Мыйзамдын демилгечилери мындай чаралар кыска убакыттын ичинде өлкө экономикасына жардам берет деп эсептешет. Бирок мурдагы советтик өлкөлөрдүн айрым эксперттери бул мыйзам «кесипкөй адистердин» Орусияга агымын күчөтүп, ал өлкөлөрдүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарына коркунуч жаратарын билдиришүүдө.

Алсак, Орусия менен Тажикстандын ортосунда кош жарандуулук тууралуу жобо бар. Орусиянын жарандыгына ээ тажик жарандарынын саны 250 миңден ашык жана бул сан жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Айрым эксперттер Тажикстандын улуттук жана саясий кызыкчылыктарын эске алганда, бул көрүнүш тынчсызданууну жарата турганын белгилеп келишет.

Жаңы мыйзамдагы жеңилдетүүгө туш боло турган адистиктердин тизмесин өлкөнүн Эмгек министрлиги бир нече жыл мурда бекитип, андагы кесиптердин саны 74төн 135ке чейин көбөйтүлгөн. Ага ылайык, Орусияда реаниматолог, онколог, стоматолог, балдардын жана өспүрүмдөрдүн психиатры, травматолог, невролог, хирург жана энтомолог өңдүү адистер суроо-талапка ээ. Буларга медайымдар, акушерлер, фельдшерлер жана лаборанттар кошулган. Мындан тышкары Орусияда айыл-чарба тармагында иштеген чет өлкөлүк адистиктерге дагы суроо-талап жогорулаган. Москва тарбиячылар жана мугалимдер менен катар техник-картограф, тамак-аш технологу, тоо өнөр жай инженери жана механизаторлорго дагы жарандык алууда жеңилдик берүүгө даяр. Мындан тышкары жарандык алуу алып баруучулар, кабарчылар жана редакторлор үчүн да жеңилдетилет.

Жаңы мыйзамдын авторлору чет өлкөлөрдөн «жогорку сапаттагы адам капиталын» тартуу эмгек базарын суроо-талапка ээ кадрлар менен камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт деп эсептешет. «Жогорку сапаттагы адам капиталы» дегенде жогорку билими тууралуу дипломго ээ, орус тилин жакшы билген, бул өлкөнүн маданияты менен баалуулуктарына берилген жана үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп келүүгө даяр адамдарды түшүнсө болот.

Количество просмотров: 55