Орусиянын президенти Владимир Путин 24-мартты аза күтүү күнү деп жарыялады.
Путин өз кайрылуусунда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бардыгын жасаган Тез жардам кызматкерлерине, өрт өчүрүүчүлөргө жана куткаруучуларга ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус сити холл» концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Теракттын кесепетинен көз жумгандардын саны 133кө жетти.