• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусияда 6-класстын окуучусу мектепте ок атты

18 Тогуздун айы 2021 12:48 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Пермь аймагындагы мектептердин биринде 6-класстын окуучусу ок чыгарды. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 18-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дө болгон. 6-класстын окуучусу эки жолу ок атып, бири класстык бөлмөнүн каалгасына жана башка жака тийген.

Учурда ок аткан окуучу кармалып, куралды кайдан алганы, ок чыгаруудагы максаты боюнча тергөө жүрүп жатат. Окуя болгон А. Карпов атындагы Сарсин орто мектебинде окуу бир күнгө токтотулду. Бир окуучу жеңил жаракат менен ооруканага кайрылганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 407