Москвага жакын Истра шаарында жеке үйдөн чыккан өрттөн сегиз адам каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ал жерде мигранттар үчүн жатакана уюштурулган.
Өрт 23-майда таңга маал Истра шаарынын Падиково айылында болгон. Маалыматка караганда, мештен өрт чыгып, кишилер иске ууланган. Shot Телеграм каналынын жазганына караганда, кишилер тирүүлөй күйүп кеткен, бир аял экинчи кабаттан секирип, жаракат алган.
Тергөө комитети “Байкабастан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
РБКнын маалыматы боюнча, каза болгондор Ozon компаниясын Истрадагы кампасы менен иштешкен фирманын кызматкерлери болгон.