• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орусияда абакта отурган жарандын сөөгү Украинадан келди

27 Үчтүн айы 2023 14:12 Бишкек Govori.TV

Асылбек Абдалиев аттуу киши Орусияда абакта отурган бир тууган агасынын сөөгү Украинадагы согуштан келгенин айтып чыкты. Маркум буга чейин расмий эмес орусиялык түзүм ЧВК «Вагнер» тууралуу сөз кылган. Абдалиевдин маегин «Супер Инфо» гезити 27-январдагы санына жарыялаган.

Маалыматка караганда, маркум — 30 жаштагы Аян Алишеров Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну. Ал 2019-жылы Орусияда 3 досу менен чогуу «Адам уурдоо» жана «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен айып тагылып, Мордовияда абакта отурган.

Инисинин айтымында, тагылган айыптар «жалган жалаа» болгон. Жакындары Аянды Кыргызстандагы абакка которуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2022-жылдын июнь айында чечим чыккан. Бирок үстүбүздөгү жылдын 12-январында каза болду деген кабар келген.

«2022-жылдын 24-ноябрь күнү Донецк облусунун Артёмовск шаарында каза болуптур . Ага чейин телефон чалбай, эки айдай дайынсыз болуп кеткен болчу», — дейт маркумдун иниси.

Асылбек Абдалиев абактагы агасын кыргыз деп күйгөн, ар-намысы бийик жигит болчу деп сыпаттап, кыргыз жараны кандайча согуш талаасына барып калганына айран таң калып жатканын айтат.

«Бир жолу сүйлөшкөндө “ЧВК Вагнер келди бизге. Украина аркылуу эркиндикке чыгуунун жолдору бар экен” деп калды. Согушка катышам, кеткени жатам деп такыр айткан эмес», — дейт ал.

Аны менен катар, Абдалиев Орусияда абакта отурган кыргыз жарандары көп экенин баса белгилеп, «бийлик төбөлдөрүнөн, элчиликтен өз жарандарына кайдыгер болбоону өтүнгөн».

Количество просмотров: 1954