• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Орусияда аялын сабаганга шектелип кыргызстандык жаран изделүүдө

23 Бештин айы 201912:34 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургда аялын сабаганга шектелип кыргызстандык жаран изделүүдө. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазды.

Маалыматка ылайык, сабалган аялдын абалы оор.

Санкт-Петербургда жашаган түгөйлөр ортосунда жаңжал чыгып, күйөөсү аялын сабап салган. 29 жаштагы жабырлануучу ооруканага жаткырылды.

«Дарыгерлердин айтымында, аялдын ички органдары жабыркаган. Шектүү качып кетүүгө үлгүргөн», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 53