• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусияда беш жашар тажик кызды өлтүргөн киши 24 жылга соттолду

16 Жалган куран 2023 13:41 Бишкек Govori.TV

Беш жаштагы тажикстандык Хувайдо Тиллозоданы өлтүрүүгө айыпталган Александр Семин 24 жылга эркинен ажыратылды. Москва облустук соту өкүмдү 15-мартта чыгарды.

Хувайдонун атасы Абдусалом Саидов соттун чечимине нааразы болду.

“Соттун өкүмүнө даттанам. Аны өмүр бою эркинен ажыратуунун ордуна 24 жылга кесишти. Киши өлтүргөн кылмышкер темир тор артында 20 жылдан аз эле убакыт болот экен. Себеби төрт жыл жети айлык жазасын өтөп койгон имиш”, — деди Абдусалом Саидов.

Александр Семиндин адвокаты болсо өкүм өтө катаал болуп калганын билдирип, ал да жогорку инстанцияга даттанууну пландоодо.

Беш жаштагы Хувайдо 2018-жылы 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жолдун жээгинде спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталып, андан кийин бычакталып өлтүрүлгөнүн аныктаган. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургун, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалган.

Бул окуядан кийин Тажикстан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, ишти адилеттүү тергөөгө чакырган.

Александр Семин психиатриялык клиникада жаткандыктан, сот жараяны бир нече жылдан бери башталбай жаткан. 2021-жылы апрелде гана Москва облустук соту Александр Семиндин психикалык саламаттыгы чың экенин кабарлап, ал абакка которулушу керек деген токтом чыгарган.

Количество просмотров: 41