• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орусияда кармалган кыргыз жараны Казакстанга алып келинди

29 Баш оона 202415:23 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Башкы прокуратурасы өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга Россия Федерациясынан Кыргызстандын жаранын экстрадициялады. Бул тууралуу Казакстандын прокуратурасы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ал өткөн жылдын июнь айында бир топ адам менен алдын ала сүйлөшүп алып, бир нече өлкөлөр аркылуу жалпы салмагы 60 килограммга жакын героинди жана 10 килограммдан ашык гашишти мыйзамсыз алып өтүүнү уюштурган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүгө эл аралык издөө жарыяланган.

Өткөн жылдын август айында ал Москвада кармалып, андан кийин Казакстанга Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен экстрадицияланган.

Учурда шектүү СИЗОго киргизилди.

Кошумчалангандай, жогорудагы кылмыш үчүн 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралган.

Количество просмотров: 115