Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
Орусиянын Тверь облусуна караштуу Калинин районундагы Городище айылында жол кырсыы катталган. Маалыматка ылайык, унааны кыргызстандык айдоочу башкарып бара жаткан . Бул тууралуу kp.ru басылмасы жазды.
Белгилүү болгондой, № 205 бус чөнөккө түшүп кетип капталына оодарылып калган.
Анда 30 жаштагы кыргызстандык айдоочу катуу жабыркаган. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, ал унааны башкара албай кырсыктаган.
Унаанын ичиндеги өспүрүм жабыркаган эмес.