• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Орусияда кыргызстандык бала жоголуп кетти

23 Чын куран 202313:02 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргызстандык бала жоголуп табылбай жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан бала 21-апрелде мектепке чыгып кеткен боюнча үйүнө кайткан эмес. 22-апрелде ата-энеси полицияга кайрылган. Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкерлери полиция бөлүмүнө барып, жоголгон окуучунун ата-энеси менен жолукканы айтылды.

«Тартип сакчылары издеп жатышат. Консулдук бул кооптуу окуя боюнча Екатеринбургда социалдык тармакта түзүлгөн 100дөн ашык топторго кабарлады», — деп билдирди ТИМ.

Количество просмотров: 194