• Дүйшөмбү 25 Тогуздун айы 2021

Орусияда массалык мушташка катышкан кыргызстандык аялдарга айып салынды

2 октября 2021 в 10:18 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Москва шаарында массалык мушташка катышкан 4 кыргызстандык аялга административдик айып салды. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мушташ Хачатурян көчөсүндө болгон. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери жаңжалды токтоткон.

Милиция бөлүмүнө жеткирилген аялдар кийин кое берилген.

Количество просмотров: 164