• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Орусияда нааразылык акциялар маалында 325 адам кармалды

12 Баш оона 201910:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.08.2019.Govori.TV.

10-августта таза шайлоо өткөрүү талабы менен Орусиянын бир нече шаарында өткөн нааразылык акциялар маалында жалпысынан 325 адам кармалды.

«ОВД-Инфо» борборунун маалыматына караганда, Москвада 229, Петербургда 81, Ростов-на-Донуда 13 жана Брянск шаарында эки адам кармалды.

Москва шаардык кеңешин шайлоого көз карандысыз талапкерлерди каттоо талабы менен баш калаанын Сахаров проспектисинде өткөн акцияда 27-июлдагы митинг учурунда козголгон кылмыш иштерин жабууну талап кылышты. Уюштуруучулар акцияга 60 миңге жакын адам катышты деп эсептешсе, Ички иштер министрлиги бул күнү көчөгө чыккандардын саны 20 миң адамга жеткенин билдирди.

Петербургда шаар бийлиги акция өткөрүүгө уруксат бербегенине карабастан, бир нече адам Москвадагы митингге тилектештик билдирип көчөгө чыкты.

Москвада нааразылык акциялары 14-июлдан бери уланып жатат. Анда кармалган адамдардын 13үнө карата «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Полицияга баш ийбөө» беренелери менен айыптар тагылган.

Количество просмотров: 13