Орусияда прокурор оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурзаны 25 жылга катаал режимдеги абакка кесүүнү өтүндү. Бул тууралуу орусиялык Sota басылмасы адвокат Мария Эйсмонтко шилтеме кылып жазды.
Кара-Мурза Орусиянын армиясы тууралуу «жалган маалымат» таратууга, «ылайыксыз уюмдун» ишмердүүлүгүнө катышууга жана мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталып жатат. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал НАТОго мүчө өлкөлөрдүн бириндеги уюмдарга Орусиянын коопсуздугуна каршы багытталган жардамдарды берип, бул үчүн алардан ай сайын 30 миң доллардан алып турган.
Саясатчы 2022-жылы апрелде камакка алынып, ага каршы «Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.