• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Орусияда тажикстандыктар мушташып, экөө каза болду

14 Кулжа 2023 16:10 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Екатеринбург шаарында тажик жарандарынын ортосундагы араздашууларынан эки адам каза болуп, дагы экөө жарадар болду.

Окуя 12-июнь күнү таңга маал Бардин көчөсүндө жайгашкан «Тыйын» дүкөнүнүн жанында болгон.

«Коммерсант» басылмасы жазгандай, тажик жарандарынын ортосундагы криминалдык тирешүүгө жана жапырт мушташка акча маселеси себеп болгон.

Екатеринбургдун Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгы кылмыштын бети изи сууй электе ачылып, шектүүлөр аныкталганын билдирди.

Полиция шектүүлөр Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөнүн белгиледи. Расмий маалыматка караганда, мушташта Темур Исмоилов жана Хофиз Ниеззода аттуу жарандар каза болгон.

Екатеринбургдагы тажик диаспорасынын төрагасы Фаррух Мирзоев шектүүлөр Казакстанда кармалганын, бирок тергөө органдары бул маалыматты азырынча тастыктай электигин билдирди.

Количество просмотров: 162