• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Орусияда Өзбекстандагы оппозициячыл партиянын активисти кармалды

14 Теке 2023 15:20 Бишкек Govori.TV

6-июлда Москвада полиция кызматкерлери социалдык тармактарда Фарход Темиртирнок (Фарход темир тырмак) деген ысым менен белгилүү өзбекстандык коомдук ишмер жана блогер Фарходжон Умирзаковду жумушунан алып кетишкен.

Эртеси 7-июлда Москванын Лефортовский райондук соту «миграция мыйзамдарын бузду” деген шылтоо менен аны өлкөдөн депортациялоо чечимин чыгарган.

Фархожон Умирзаковдун жакындары соттун чечими анын Өзбекстанда түзүлгөн «Хакикат, Тараккиот ва Бирдамлик» (Акыйкат, Өнүгүү жана Биримдик) деп аталган оппозициялык маанайдагы бейрасмий партия менен кызматташуусуна байланыштуу деп эсептешет. Умирзаков профессор Хидирназар Аллакуловдун партиясын каттоо үчүн мигранттардын арасынан кол топтоо иштерине активдүү катышкан.

Сот мындан тышкары Орусияда уруксатсыз иштеп жүргөн деген айып менен Умирзаковго 5 миң рубль айып пул салып, өлкөгө кирүүгө беш жылга тыюу салган.

Фарход Умирзаков социалдык түйүндөрдөгү сынчыл билдирүүлөрү жана саясий маселелер боюнча курч пикирлери менен коомчулук арасында белгилүү. Мындан тышкары ал Орусиядагы эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо менен алектенип келген.

Количество просмотров: 95