• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусияда жоголгон тажик мигранты 24 жылдан кийин үйүнө кайтып келди

2 Жетинин айы 2022 16:28 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда эне менен уулу 24 жылдан кийин кайра жолугушту.

Амриддин Гадоев 1998-жылы 33 жаш курагында Орусияга кетип, дайынсыз жоголгон. Бул аралыкта Амриддиндин аялы эки баласы менен төркүнүнө кетип, атасы менен агасы көз жумган.

Мигранттын 76 жаштагы апасы Зулфия Гадоева уулун Жалолиддин Балхи районундагы Иттифок айылында күткөн. Анын айтымында, акыркы жылдары Амриддин түшүнө деле кирбей калган.

«Уулуң табылды деп айтышканда ишенген эмесмин. Ыйладым, баары жалган дедим. Бирок бүгүн баары ордуна келди, жүрөгүм кубанычка толуп турат», — деди Гадоева.

Амриддин Гадоев азыр 57 жашта, Екатеринбургдун жака-белиндеги айылдардын биринде жашап жүргөн.

Амриддиндин айтымында, ал документтерин жоготуп алган. Жарандык согуштан кийин Тажикстанда абал өтө начарлап кеткени тууралуу жаңылыктарды уккандан кийин эч кимден жардам сурап кайрылган эмес.

«Таанышым туугандарымдын баарын жоочулар өлтүрүп салышканын айткан. Мен бир орус аял менен сүйлөшүп, аны менен жашап калдым. Чогуу анын кыздарын тарбияладык, неберелерибиз пайда болду», — деди ал.

Соцтармак колдонуучулары эне-уулдун жолугушуусу жарыяланган «Ютубдагы» видеонун алдына мигранттын сөзүнө ишенбегенин жазууда.

Алардын бири: «Чоң эле киши уялбай туруп, үй-бүлөсүн таба албай калганын айтып жатат. Себеби ал орус аялына берилип кеткен. Анан ал өлгөндөн кийин гана мекенине кайтууну чечкен», деп жазды.

Амриддиндин айтымында, орус аялы бир жыл мурун каза болгон, кыздары ага мекенине кайтууга жардам көрсөтүшкөн.

Амриддиндин туугандары аны өлдү деп ойлоп, куран окутушкан.

Амриддин Гадоевдин өз кызы менен уулу азыр Орусияда жана атасы менен байланыша элек. «Мен кеткенде кызым алты айлык, уулум жети жашта болчу. Уулум Орусияда үйлөнгөнүн, кызым турмушка чыкканын уктум. Мен аларды көрө элекмин», — деди Амриддин.

Орусияда Тажикстандын жүз миңдеген жараны иштейт, соңку чейрек кылымда миңдеген тажикстандык дайынсыз жоголгон.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 937