Бишкек. 29.07.2019. Govori.TV
2019-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Элчилигинин делегациясы Аскердик даңктагы Волоколамск шаарынын негизделгендигинин 884 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларга катышып келди.
Майрамдык иш-чаралар Волоколамск шаардык кеңешинин депуттар кеңешинин Төрагасы Л.А.Демидованын, Волоколамск шаарынын администрациясынын башчысынын орун басары Т.В. Мозоль мырзанын жана Волоколамск муниципалдык районунун башчысы М.И. Сылка мырзанын куттуктоо сөздөрү менен башталды.
Ошондой даңктуу Волоколамск шаарынын салттуу майрамында КРнын РФдагы Элчилигинин Кеңешиси А.Мамбетсеитов чыгып сүйлөп, Советтер Союузуна баскынчылык менен кирген немецтик-фашисттик аскерлерден коргоодо шаардын олуттуу ролун баса белгиледи.
Волоколамск шаарынын аймагын коргоодо курман болгон советтик аскерлердин, алардын ичинде кыргызстандыктарын элесин ыйык сактоо менен түбөлүк эскерүү таазимдери үчүн шаардын жашоочуларына ыраазычылыгын билдирди.
Волоколамск шаарынын мааракесин майрамдоо алкагында кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр уюштурулуп, шаардын ардактуу жашоочулары сыйланып, Волоколамск аймагынын өздүк көркөм чыгармачыл жамааттарынын, аймактагы белгилүү искусство чеберлеринин катышуусу менен концерт уюштурулду.