• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусиядагы мигранттарды каттоонун катаалдашуусунун себеби эмнеде?

25 Баш оона 2022 11:59 Бишкек Govori.TV

ТИМдин консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев Govori.TVнын «Майдан» дебатында сөз сүйлөп жатып, Орусия эмне үчүн өз өлкөсүндөгү мигранттарды каттоонун жол-жобосун катаалдаштырып, көзөмөлдү күчөткөнүнүн айрым себептерин атады.

Анын айтымында, учурда кыргыз бийлиги тарабынан Россияда жүргөн мигранттарды каттоону жеңилдетип берүү суранычы келтирилген.

«Биз көп жылдан бери суранып келе жатабыз, мигарциялык каттоону жеңилдетип бергиле деп. Бирок, тилекке каршы алар айтып жатат, «биз андай жеңилдиктерди бере албайбыз» деп, себеп бул мыйзам бир эле кыргыз жарандарына гана иштебейт, ал баардык чет өлкө жарандарына тийиштүү. Экинчиден, акыркы орус тарап менен кезигүүлөрдө статистика боюнча кыргыз жарандары тарабынан көп кылмыш кылуу көбөйүп, жергиликтүү эл тарабынан нааразычылык көп болуп жатканы айтылып жатат», — деди Имангазиев.

Ал белгилегендей, миграциялык талаптар биздин да өлкөдө бар.

«Россияда жалпы 7 миллиондон ашык мигранттар. Ошол эле өзбек, тажик жана башка улуттун өкүлдөрү бар. Алардын баарына жеңилдик кылсак, биздин коопсуздугубузга коркунуч туулат деп жатышат. Биз бул менен макул болуп учурда ЕАЭБдин таласында иштеп жатабыз. 2018-жылга чейин РФнын мыйзамдары жеңил болчу. Себеп, биздин кыргыз жараныбыз иштеген жеринен эле маалымат талонун жеке өзү жиберип туруп, мен ушул компанияда иштейм деп айтып, ээн-эркин жүрө берчү. Ал эми 2018-жылы июнь айында орус тарап буга өзгөрүүлөрдү киргизди, кыргыз жараны жашаган жеринен гана талон жиберсе болот… Миграциялык каттоонун негизги көйгөйү батир ээлери эч качан бөтөн өлкөнүн жарандарын өз үйүндө каттабайт, себеби алар коркот да. Биз бул багытта иш алып барып, мурунку талапты эле кайра кайтаруу сунушун бергенбиз. Бирок, ЕАЭБдин алкагында башка да мамлекеттер бар, биздин сунуштарды азыркы күнгө чейин Армения колдоп келе жатат, бирок тилекке каршы Россия, Казакстан, Белорусь алар айтып жатат, ушу биздин ички коопсуздукка байланыштуу биз силердин демилгеңерди азырынча колдой албайбыз деп», — деди ал.

Количество просмотров: 354