• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Орусиядагы эмгек мигранттарга жаңы эреже иштелип чыкты

17 Теке 20248:44 Бишкек Govori.TV

Орусияда борборазиялык мигранттардын жүрүм-туруму боюнча жаңы эрежелер иштелип чыкты. Анда өз тилинде шыбырашып сүйлөшүүгө, мал союуга тыюу салган бир катар чектөөлөр кирди.

Федералдык агенттик иштеп чыккан эрежеге ылайык, борборазиялык мигрант Орусияда орус тилин билиши керек. Аларга тааныбаган кишилерге “брат» же «сестра» деп кайрылууга, башкаларды өз эне тилинде талкуулоого жана алардын көзүнчө шыбырашууга болбойт.

Орусия светтик мамлекет экени белгиленип, динге болгон мамилени ачык көрсөтүүгө, көчөдө диний жөрөлгө кылууга же коомдук жайда намаз окууга жана курмандыкка мал союуга болбой турганы эскертилген. Ошондой эле мигранттар ар кандай акцияларга, митингдерге катышпашы керек.

Азырынча Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиги эмгек мигранттары үчүн иштеп чыккан эрежени мыйзам менен бекитиле элек.

Теги:
Количество просмотров: 156