• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусиядагы жарылуу: Эки мигрант каза болду

25 Бугу 2023 17:28 Бишкек Govori.TV

23-майда Орусиянын Ленинград облусунда жайгашкан өндүрүш аянтчасындагы жарылуудан үч киши каза болду.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, жарылуу Новосергиевка айылында катталган. «Дидал-СК» ишканасынын аймагындагы ширетүү иштеринин жүрүшүндө сууда калкып туруучу көпүрө жарылып кеткен.

Жыйынтыгында Өзбекстандын 41 жаштагы, Санкт-Петербургдун 37 жаштагы жана Тажикстандын 50 жаштагы тургундары каза болгон.

Мындан тышкары дагы эки тажикстандык жумушчу оор жана бир кызматкер жеңил жаракат алганы кабарланды.

Болжолдуу түрдө жарылууга жаңы боёктун бууланышы себеп болгону айтылууда. Бул окуядан кийин укук коргоо органдары «Курулуштагы жана башка тармактардагы коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Количество просмотров: 157