• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусиядан чартердик каттам менен кетирем деп акча алгандар аныкталды

14 Теке 2020 13:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиядан кыргызстандыктар үчүн уюштурулуп жаткан чартердик каттамдардын тизмесине киргизүү үчүн акча алууга шектүүлөр аныкталганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 12-июнь күнү Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө үч жаран кайрылган. Алар 27 жаштагы кыргызстандык жаран элчиликтеги тааныштары аркылуу чартердик каттам менен бараткандардын тизмесине кошууну убада кылып, 50 миң рубль алганын айтып даттанышкан.

Бул факт Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкармалыгында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду. Элчиликтин алдында түзүлгөн атайын комиссияга 26-июнда Оштун Ноокат районунун тургуну ооруп жаткан тууганын Кыргызстанга кайтарууга жардам берүү үчүн кыргызстандык жаран 10 миң рубль сурап жатканын айтып кайрылган. Бул кайрылуу боюнча ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү ыкчам-иликтөө жүргүзүп, Алай районунун 47 жаштагы тургунун кармаган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ички иштер министрлиги Орусиядан Кыргызстанга уюштурулган каттамдарга тизме акысыз түзүлөрүн айтып, кыргызстандыктарды шылуундардын кылтагынан сак болууга чакырат. Ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу үчүн элчиликке караштуу атайын комиссия түзүлгөнғ.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү алданып калган жарандарды [email protected] электрондук почтасына же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефондоруна кайрылууга чакырат.

Учурда Орусиядан Кыргызстанга кайтуунун каалаган жүздөгөн жаран бар. Алар элчиликте түзүлгөн атайын комиссиянын тизмеси менен кайтып жатышат. Социалдык тармактарда тизмеге акча менен кошулуп жаткандар бар экени жазылып жатат. 

Количество просмотров: 85