• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Орусияга кирүүгө 30 жылга чейин тыюу салынышы мүмкүн. Укук коргоочу Чупик кармалды

25 Аяк оона 2021 14:48 Бишкек Govori.TV

Москвадагы белгилүү укук коргоочу Валентина Чупик бүгүн Шереметьево аэропортунан кармалды. Бул тууралуу анын кесиптештери билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоочу Валентина Чупикке Орусияга кирүүгө 30 жылга чейин тыюу салынышы мүмкүн.

«Укук коргоочуга качкын макамын алып салуу менен 2051-жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө эскертүү берилген. Ал чек арада кармалганын айтып, документтердин сүрөтүн жөнөткөн. Кийин аны менен байланыш үзүлгөн. Ал тергөө абагында болушу мүмкүн. Аны Өзбекстанга депортация кылат деп шектенип жатабыз», — деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Валентина Чупик Өзбекстандын жараны. Ал бир нече жыл мурун чалгындоо кызматынан коркутууларды ала баштагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Чупик миңдеген мигранттардын укугун коргоого көмөктөшүп келген.

Количество просмотров: 121