• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Орусиялык альпинист Жеңиш чокусунан каза тапты

14 Баш оона 201911:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.08.2019. Govori.TV

Россиядан келген альпинист Сергей Войличенко Кыргызстандагы Жеңиш чокусунан каза тапканын «Новости Иркутской области» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-август күнү Тянь-Шандын эң бийик жеринде болгон. Россиялык жаран новосибирскилик санаалаштары менен чокуга чыгып бара жаткан.

«Сергей тоодон түшүп келе жатып ылдыйды көздөй учуп кеткен. Окуя болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат. Иш-чарага новосибирскилик альпинисттер да катышууда», — дешти Жеңиш чокусуна чыгууну уюштуруп келген «Аксай-Тревел» фирмасынан.

Войличенко Иркутскидеги альпинизм секциясын жетектеп келген. Каргашага чейин 7000 метр бийиктиктеги Хан-Теңир чокусун багынткан.

Количество просмотров: 13