• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Орусиялык «Дождь» телеканалы ишин убактылуу токтотту

3 Жалган куран 2022 20:11 Бишкек Govori.TV

Орусиялык «Дождь» телеканалы ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу телеканалдын 3-марттагы эфиринде башкы директор жана каналдын ээси Наталья Синдеева билдирди.

Наталья Синдеева мындай чечим кызматкерлер менен чогуу кабыл алынганын, алар редакциянын жумушун жаңы шарттарга карап кайра карап чыгышы керектигин айтты. Анын артынан кызматкерлер чыгып, соңку окуяларга байланыштуу ойлору менен бөлүштү.

Мунун алдында Башкы прокуратуранын талабы менен Роскомнадзор Украинадагы согушту чагылдырганы үчүн телеканалдын сайтын жапкан болчу. Жамаатка коркутуунун фонунда башкы редактор жана журналисттердин бир бөлүгү Орусиядан чыгып кеткен болчу.

«Дождь» телеканалы биринчи жолу эфирге 2010-жылы чыккан. Орусиядагы окуяларды калыс чагылдырган көз карандысыз медиа катары белгилүү болгон. Украинадагы окуяларды чагылдырууда аны ачык эле «согуш» деп атап, Орусиянын бийлигин сындаган позицияны карманып келген.

Количество просмотров: 145