Орусиялык белгилүү саясат таануучу Андрей Казанцев «Russian Today» каналы эмне себептен Кыргызстандын качкын президенттерине жумуш сунуштабайт? деген суроо салды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, аталган телеканалда жумуш ордунан айрылган латинамерикалык президенттерге орун деген жаңы функция пайда болгон.
««Россия сегодня» агенттигинин жана RT каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян Боливиянын куугунтукталган лидери Эво Моралеске көрсөтүү алып барууга чакырышкан. Мурунку президент азыр ал жакта иштеп жатат. А мен Акаев, Бакиев жана башкалар үчүн таарынычта калдым. Эмнеге аларга дагы жумуш сунуштабайт?», — деп жазган Андрей Казанцев.
Кошумчалай кетсек, Эквадордун мурунку президенти Рафаэль Корреа RT каналында эки жылдан бери өзүнүн автордук «Разговор с Корреа» аттуу көрсөтүүсүн алып барат.
Эске салсак, жакында эле Эво Моралес президенттик такты таштап кетип жатканын жар салган. Буга себеп шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Боливиялыктардын каршы акциялары болгон.