• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Орусиянын башкы прокурору кызматынан кетти

21 Үчтүн айы 20209:14 Бишкек Govori.TV

Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка кызматынан кетти. Президент Владимир Путин Тергөө комитетинин жетекчи орун басары Игорь Красновдун талапкерлигин Федерация кеңешине сунуш кылды. Кремлдин маалыматында Чайка башка ишке которулганы үчүн кызматынан бошотулганы айтылат. Бирок кайда кетип жатканы белгисиз.

68 жаштагы Чайка башкы прокурор болуп 2006-жылдан бери иштеп келди.

Оппозициялык саясатчы, Коррупция менен күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальныйдын ири иликтөөлөрүнүн бири Чайканын ишкер балдарына арналган болчу.

Количество просмотров: 102