• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Орусиянын «кара тизмесинде» канча кыргыз жараны бар? Расмий жооп

20 Бугу 2022 16:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын 82 миңден ашык жараны Орусиянын миграциялык “кара тизмесинде”. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

«Март айында Орусиянын тийиштүү органдарынан бул тизмеде 81 миң 903 кыргызстандык бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Аталган өлкөгө барган мигранттарга каттоого туруу үчүн манжа изин тапшыруу, медициналык текшерүүдөн өтүү жана сүрөткө түшүү деген милдеттүү талаптардын коюлушу маанилүү маселелердин бири»,-деп билдирди ал.

Белгилей кетсек,  “Элдик” депутаттык тобунун бүгүнкү жыйынында эмгек мигранттарынын укугун коргоо маселеси талкууланды.

Количество просмотров: 330