• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орусиянын премьер-министри жумушчу сапары менен Самаркандга барды

2 Бештин айы 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 1-декабрда жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, Мишустиндин сапарынын алкагындагы расмий иш-чаралар 2-декабрда башталат. Күн тартибине ылайык, жума күнү ал өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен бирге эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрөт. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланат деп пландалууда.

«Негизги басым соода-экономикалык, өндүрүштүк, энергетикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө жасалат», – деп жазылган орус өкмөтүнүн басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө.

Мындан тышкары өкмөт башчылар 2-декабрда Самарканд шаарында өтө турган өзбек-орус бизнес-форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. Бул форумга Орусиянын 150гө жакын компания-ишканаларынан келген 360тан ашык киши катышары кабарланган.

28-ноябрда Москвада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен орус лидери Владимир Путиндин жолугушуусунда Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын катышуусундагы «үч тараптуу газ биримдигин» түзүү сунушу айтылган. Токаев алгач бул сунушту жактырып, бирок кийин «каалаган жыйынтыкка жетүү үчүн казак тарап маселенин маңызын жакшылап түшүнүшү керектигин» айткан.

Өзбекстан жана Орусия өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги буга чейинки өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны 2021-жылы июнда Москва шаарында өткөн.

Количество просмотров: 128