Кыргызстанда ушул жылдын 1-апрелинен тарта унаа ээлери үчүн ОСАГО полисинин болушу милдеттүү болуп калды. 1-апрелден тартып камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айып пул салынат.
ОСАГО — автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу болуп саналат. Башкача айтканда, эгерде кырсык ОСАГО полисинин ээсинин күнөөсү менен болсо, анда жабырлануучуларга ал эмес, анын камсыздандыруу компаниясы төлөйт.
Чет элдик автоунаалар үчүн ОСАГО мыйзамы 2021-жылдын 1-июлунан тартып, юридикалык жактардын транспорт каражаттары, мамлекеттик же муниципалдык транспорт каражаттары жана жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар үчүн 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.
Булак: kyrgyz.news.