• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Төрага Жумабеков: Дары-дармек саткан компаниям болсо, дарыканаларды кыдырбайт болчумун

7 Баш оона 2020 18:11 Бишкек Govori.TV

Дары-дармек саткан фармацевтикалык компаниям болсо, дарыканаларды кыдырбайт болчумун. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Govori.TVга берген маегинде билдирди.

«Өлкөдө аз убакыт ичинде короновирус илдетинен улам дары-дармекке болгон баа кескин түрдө өсүп кеткендиктен социалдык тармак аркылуу элдин нааразы пикирлерин окуй баштадым. Башка депутаттар менен бирге ачып жаткан күндүзгү стационарга баратып дарыканаларга киргем. Табылбай жаткан дарыларды сурап, алардын баасын жазып алгам. Дары саткан компаниялардын ээлерине үнүм жетсин деген максатта бааны учурдан пайдаланып көтөргөндөр мыйзам чегинде жооп бере турганын эскерткем. Натыйжада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы абалды көзөмөлгө алды. Анан 2 күн өтпөй, Юстиция министрлиги тарабынан маалымат алыныптыр. Ооба, ишкерлик менен алектенген туугандарым бар. Бирок текшерүүгө алганда алар косметика каражаттары менен алектенгендиги аныкталган. Ошентсе да дары-дармек сатышат деген маалымат тарады»,-деди Жумабеков.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун дарыканаларды кыдырганын коомчулук сынга алып, Жумабековдун бизнестерге ээ туугандарынын дары-дармектерди саткан дүң фирмалары бар деген маалыматтар тараган эле.

Количество просмотров: 91