• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош – Баткен – Раззаков жолу селден тазаланып ачылды

17 Теке 202510:42 Бишкек Govori.TV

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун сел каптаган тилкелери толугу менен тазаланып, калыбына келтирилди.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, тазалоо иштерин №2 жол тейлөө ишканасы жүргүздү.

Эскерте кетсек, күн мурун, 16-июлда болжол менен кечки саат 18:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош – Баткен – Раззаков (эски багыттагы) автожолунун 209-чакырымында сел жүрүп, жол жабылып калган.

Окуя болгон жерге №2 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар ыкчам жөнөтүлүп, сел токтогондон кийин тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 126