Ош базарда күйгөн ар бир кишинин товары 10 миң сом эле турабы?
Ош базарда күйгөн ар бир кишинин товары 10 миң сом эле турабы?
26 Чын куран 2018 17:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек 26.04.2018. Govori.TV
Ош базарындагы өрттөн товары күйгөндөргө бир жолу көрсөтүүлүүчү жардам катары Бишкек шаардык мэриясы 488 кишиге 10 миң сомдон берди.
Өрттөнгөн аймактар калыбына келтирилгичекти соодагерлерге мэрия «Берекет – Гранд» соода борбору менен биргеликте аталган борбордон, Кулиев көчөсүнөн, Киев көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктөн соода кыла турчу жер бөлүп берген.
Эскерте кетсек, 13-апрелге караган түнү Ош базарында үчүнчү жолу өрт чыккан. Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын «Берекет» базарында болуп анда 5200 чарчы метр аянт күйүп кеткен.