• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

«Ош» базардагы өрттөнгөн имараттын ичиндеги металлды талашып мушташ чыкты (видео)

2 Бирдин айы 2018 9:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.02.2018.Govori.TV

30-январда «Ош» азарында жайгашкан «Сейтек» жана «Берекет плюс» соода борборунда өрт чыгып 118 соода түйүнү күйгөн  Анын жалпы аянты 3500 чарчы метрди түзөт.

Кырсыктын эртеси, 31-январда өрттөнгөн имараттын ичинде кондиционерден түстүү металл чыгарып жаткан улан менен базардын сатуучулары ортосунда чыр-чатак чыккан.

«Сатуучулар андан имараттын ичинен чыгып кетүүсүн суранган. Бирок ал эч кимди тоготпой, кайра жаман сөздөрдү айтып, түстүү металл чыгарууну уланткан. Мындан улам балдар ага карай бастырып барып мушташ чыгып кетти», — деди күбө.

Окуя болгон жерге милиция кызматкери келип мушташты токтоткон. Бирок Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы мындай маалымат аларга түшпөгөнүн билдирди.

Спутник

Количество просмотров: 10