• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ош базардын айланасы башаламан соода-сатыктан тазаланды

18 Кулжа 202115:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Ош базарынын айланасы башаламан соода-сатыктан тазаланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейд учурунда 33кө жакын объект алынды. Алар — чатырлар, шатёрлор, столдор, отургучтар, манекендер, арабалар. Кызматкерлер соодагерлер менен базардын белгиленген чегинен тышкары жерде коммерциялык ишмердүүлүктү болтурбоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Рейддик иш-чаралар муниципалдык администрация тарабынан үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп турат.

Количество просмотров: 1608