• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Ош базарында рейд жүрүүдө

20 Кулжа 201911:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын Ленин акимиаты Ош базардын тегерегиндеги өздөрүнө тиешелүү аймакта мыйзамсыз соода жүргүзгөндөрдү жок кылуу максатында рейд жүргүзүүдө.

Бул рейддин жүрүшүндө башаламан соода кылган жайма базарлар алынууда. Рейдке аталган акимиаттын кызматкерлери Ленин райондук ички иштер башкармалыгы, Муниципалдык аймактык башкармачылык жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери катышууда.

Соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тамак-аш азыктарын мындай шарттарда сатууга болбой тургандыгы айтылганы менен соодагерлер рейд жүргүзүүгө каршылыктарын көрсөтүүдө.

Количество просмотров: 13