• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ош базарында жаран өзүнө бензин куюп, өрттөнүп өлөм деп коркутууда (видео)

12 Бештин айы 2019 12:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ош базарында эркек киши өзүнө бензин куюп, өрттөнүп өлөм деп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, ал киши учурда митинг өтүп жаткан «Берекет» базарында соодагер болуп иштейт.

https://www.youtube.com/watch?v=S2kwtsYZkq0&feature=youtu.be&fbclid=IwAR3-YcokghHjpEkef9d6l75aX8J4eF6Gnc-2BtOnrSSmTy4HO5aJs2FE4UM

«Нааразычылык акциясына 100гө жакын киши чогулду. «Берекеттин» соодагерлери башка жаңы имаратка көчүүгө каршы. Алар базардын жабылышына каршылык көрсөтүшүүдө, бирок базардын жетекчилиги аларга эчак эле эскертүү берип келген», — деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, Ош базарынын соодагерлери «Берекет» ЖАКтын төрагасы Болот Бегалиев муниципалдык жерди 2010-жылы ижарага алып, аталган жайга соода комплексин куруп алганына нааразы. Орундарды ижарага алып келгендерди жаңы соода борборуна көчүүгө мажбурлап жатышат. Соодагерлер ЖАКтын жетекчилиги менен жаңы келишим түзүүдөн баш тартышууда.

Количество просмотров: 2769