• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош базарындагы нааразычылык акциясынан улам мэр рейдге чыкпай калды

25 Аяк оона 201913:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Ош базарына кыла турган текшерүүсүн токтотту. Буга себеп аталган базардын соодагерлери нааразычылыгын айтып көчөөгө чыгышканы болду.

Маалыматка ылайык, акциянын катышуучулары соода кылып жаткан орундарга электр энергиясын кошуп берүү, «Берекет» соода комплексинин жанындагы күйүп кеткен орундарды бузбоо талаптарын коюшту.

Ал эми мэр Азиз Суракматов аларды кабыл алып, соодагерлердин көйгөйлөрүн укту.

Кошумчалай кетсек, Азиз Суракматовдун Ош базарын кыдыруусу пландуу түрдө ар бейшемби күнү өтөт.

Количество просмотров: 159