• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош базарынын аймагындагы үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды

8 Жетинин айы 2019 22:26 Бишкек Govori.TV

Ош базарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга бүгүн, 8-ноябрда маалымат келип түшкөн.

Ош базарынын айланасында жашаган жаран көчөдөгү бейтааныш жаранды жылынып алсын деген максатта үйүнө алып барган. Аталган бейтааныштын абалы начарлап баштаганда үйдүн ээси «Тез жардам» кызматын чакырткан. Дарыгерлер келип, анын каза болуп калганын аныкташкан. Учурда милиция кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн такташууда,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1039