Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарындагы Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат. Анда «Ош» базарында эмгектенген 200дөй адам нааразычылыгын айтып чыгышты.
Алардын бири соода кылып жаткан орундарга электр энергиясын кошуп берүүнү, айрымдар «Берекет» соода комплексинин жанындагы күйүп кеткен орундарды бузбоону талап кылышты.
Алардын айтымында, ал жердин ээси башка имарат курганы жатат.
Андан кийин алар Бишкек шаардык мэриясына барып, мэр Азиз Суракматов менен жолугушту.