Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.
16-апрелде Ош базарындагы арендаторлор дагы бир жолу нааразычылык акциясына чыгышты. Алар аталган жай мыйзамсыз салынгандыгын жана ар бир чарчы метрин 1,5 миң доллардан сатып алып, кайра ошол эле жерге чоң суммадагы ижара акы талап кылынып жатканын айтышат.
Ошондой эле 15-апрелде кечке маал электр энергиясы өчүп, мындан тышкары “Берекет Универсал” базарынын алдына күзөтчүлөр коюлганын жана базардын ичине араң киришкенин айтышат.