• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ош-Бишкек жолунда бир жүргүнчү унаа менен чогуу күйүп кетти

28 Теке 201917:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.07.2019.Govori.TV

Токтогулда өзбекстандык айылдаштар бара жаткан «Степвагон» унаасы жол кырсыкка кабылып, анын кесепетинен бир жүргүнчү унаа менен чогуу күйүп кетти. Башка жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген.

Окуя бүгүн, 28-июлда эртең менен саат 08:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 319-400-чакырымында «Тойота Камри» менен «Степвагон» унаасынын катышуусунда болгон. Унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 7 орундуу унаадан өрт чыккан. Андагы 6 жүргүнчү Токтогул районундагы Үч-Терек аймактык ооруканасына жеткирилди. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБнын ага инспектору Айбек Сатыбалдиев да тастыктады.

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну Д.И. «Тойота Камри» унаасы менен Оштон Бишкекти көздөй бара жатканда каршы жолго чыккан. Андан соң «Степвагон» үлгүсүндөгү унааны сол капталынан сүзгөн.

«Бул кырсыктан улам 7 орундуу унаанын ичиндеги жүктөр, документтер жана бир адам толугу менен күйүп кеткен. Каза болгон адамдын аты-жөнү такталып жатат. Калган 6 жүргүнчү денесинен түрдүү жараат алып, Үч-Терек аймактык ооруканасына жаткырылса, айдоочусу Токтогул райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилди», — деди А.Сатыбалдиев.

Жүргүнчүлөрдүн баары коңшу Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун тургундары экени аныкталган.

Алар:

  1. Х.И., 1989-жылы туулган;
  2. С.А., 1991-жылы туулган;
  3. Ж.Р., 1986-жылы туулган;
  4. С.Ж., 1998-жылы туулган;
  5. А.Х., 1990-жылы туулган;
  6. Ш.Р., 1986-жылы туулган.

Ал эми «Тойота Камри» унаасынын айдоочусуна биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Андагы үч жүргүнчү жеңил жаракат алып, окуя болгон жерден кетип калышкан.

ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын маалыматына караганда, 28-июлда саат 07:45 чамасында куткаруучуларга Бишкек-Ош жолунун 317-чакырымындагы Күнтийбес тилкесинде автоунаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Өрт өчүрүүгө Токтогул райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн №60 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн 1 өрт өчүрүүчү автоунаасы тартылган. Өрт саат 08:16да толугу менен өчүрүлүп бүткөн. Өрт өчүрүү убагында автоунаанын ичинен 1 күйгөн адамдын денеси табылып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

«Тактоо иштеринин жүрүшүндө “Хонда Степвагон” автоунаасы “Тайота Камри” менен кагышкандан улам күйүп кеткендиги аныкталган. “Хонда степвагон” автоунаасынын айдоочусу -1989-жылы туулган Ч.Ж. Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну болгон. Автоунаанын ичинде 8 адам болгон.

Кырсыктын кесепетинен “Хонда Степвагон” автоунаасынын 1 жүргүнчүсү каза болгон. Анын өздүгү тактала элек (Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн). Ал эми, “Тойота Камри” автоунаасынын айдоочусу – 1981-жылы туулган И.Ж. Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну. Автоунаанын ичинде 4 адам болгон.

Кырсыктан 6 жаран түрдүү жаракаттарды алып, анын ичинен тертөө Үч-Терек аймактык ооруканасына, экөө Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.
www.turmush.kg

Количество просмотров: 15