• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Ош эли 2 күндөн бери этсиз калды

30 Бугу 201910:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.

Ошто касапкана ээлери иш таштап, 2 күндөн бери Ош шаарынын аймагында эт базарлары жана эт саткан дүкөндөр жабылган. Буга байланыштуу 29-май күнү эт саткандар акыркы убакта касапчыларга коюлуп жаткан талаптар оор болуп жатканын айтып мэриянын алдына барышкан.

“Башка жактан союлуп келген малга тиешелүү документи менен мөөр басылып келсе дагы аны шаардын аймагына киргизбей жатышат. Ал жакшы жерде союлган, таза болуп келет. Ошол эт эмнегедир жарабай, эт комбинатында союлган эт гана жарап жатат. Облустук лабораторияга текшерүүгө уруксат бербей жатышат”,-деген нараазычылыктарын айтышкан касапчылар.

Ошол күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов чогулган касапчылар менен жолугуп алардын койгон талабын угуу менен “Биз биринчи элдин ден-соолгуна кам көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө ар кандай жугуштуу оорулар күч алып жаткандыктан эл таза азык жеш керек”,- экендигин айтты.

Ортодогу сүйлөшүүдөн кийин, Ош шаарынын мэри сырт жакта союлган малдын этин шаар аймагында сатууга уруксат берип бирок, Түштүк аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда эт жана эт азыктарын текшерүүгө уруксат берилбей турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаардык башкармалыгы 2019-жылдын 24-апрелинен баштап Түштүк аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген касапканалардан чыккан этти жана эт азыктарын экспертизадан өткөрүүгө тыюу салган. Ушундан улам Ош шаарындагы жалгыз «Келечек» эт комбинатында гана мал союлуп, анда иштеген веткызматкерлер уруксат берген эт шаар аймагында сатыла баштаган.

Количество просмотров: 18