• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ош эли Сарыбашовду кайрадан кызматына алып келишти

7 Тогуздун айы 202017:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 7-октябрда Оштун тургундары кайрадан мэр Таалайбек Сарыбашовду кызматына алып келишти. Мэр өзүнүн кызматтан алынуусун мыйзамсыз деп эсептейт.

“Мен 2018-жылы мэр болуп шайлангам. Кечээки шаардык кеңештин депутаттары кабыл алган чечими мыйзамсыз. Буга чейин мен аларга отчет тапшырганымда канааттандырышкан болчу. Кечээ болсо мен жокто кезексиз жыйынга чогулушуп чечим кабыл алышыптыр”,- дейт Таалайбек Сарыбашов.

Сарыбашов, стабилдүүлүк орноору менен шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болот деди.

“Жаңы чакырылыштагы кеңеш кимди шайласа ал мэр болот. Бул кызматка өзүмдү көрсөтүүгө аракет кылам. Эгер мен өтпөсөм, анда жаңы шайланган мэрди куттуктап, ордумду бошотуп берем”

Ал эми Дүйшөн Төрөкуловго элдин коопсуздугу үчүн орунду бошотуп берип тургам дейт.

Количество просмотров: 126