• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош-Исфана жолунда кырсыктан 2 киши жабыркады

13 Бирдин айы 202210:53 Бишкек Govori.TV

Ош-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош-Исфана жолунун 26-чакырымында Ноокат шаардык «Тазалык» ишканасынын таштанды таашуучу трактор унаасы чиркегичи менен жолдо оодарылган.

Унаанын ичинде 2 эркек киши болгон. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми экинчи жабырлануучу куткаруучулар жеткенге чейин өз ара трактордон чыккан.

Количество просмотров: 574