19. 12. 2018.Govori.TV
Ош—Исфана унаа жолунун 24-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 2 киши каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жолкыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургуну «Дэу Матиз» унаасын башкарып келе жатып жолдо бузулуп, токтоп турган «Вольво» үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана анын атасы каза болду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.