• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жумгалда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө иштери күчөтүлдү

29 Тогуздун айы 202412:30 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-октябрда издөө иштерин жүргүзүүгө 42 куткаруучу, 35 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам, 6 дрон тартылды.

Эскерте кетсек, 16-октябрда Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, кайтып келген эмес.

Количество просмотров: 188