• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ош мэри 32 жашында каза болгон милиционердин үй бүлөсүнөн кабар алды

30 Теке 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен Ош ШИИБнин башчысы Мурат Боронов 32 жашында каза болгон Чыңгызбек Оморовдун үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакындарына көңүл айтышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун элесине багышталып куран окулду. Чыңгызбек Оморов ИИМдин жол кыймылынынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмүндө взвод командири болуп турган.

Милициянын ага лейтенанты. Артында 2 кыз, 1 уулу калды.

Количество просмотров: 75