Ош шаарынын мэриясында кыш мезгилин өткөрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чарага вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, бардык муниципалдык коммуналдык кызматтардын, бир катар социалдык ишканалардын жетекчилери, МАБ башчылары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө социалдык объектилерди (билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелер) жылуулук менен камсыздоо жана электр энергиясын белгиленген лимиттен ашыкча керектөөгө байланыштуу электр жарыгын кыска мөөнөткө өчүрүү маселелери каралды.
Биринчи маселени кароонун алкагында шаардык билим берүү башкармалыгына МАБ өкүлдөрү менен биргеликте билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелериндеги бардык жылуулук системаларынын ишин текшерүү тапшырмасы берилди.
Ош шаардык РЭТтин маалыматына ылайык, график боюнча эртең менен жана кечинде 1,5 сааттан кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр киргизилди. Буга байланыштуу тиешелүү кызматтарга өчүрүүлөрдүн бекитилген графиктерин элге жеткирүү тапшырмасы берилип, бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдарга электр энергиясын үнөмдөөчү жарык берүүчү лампаларга өтүү сунушталды. Электр жарыгынын убактылуу өчүрүлүшү ооруканалар менен поликлиникаларга, отканаларга тиешеси жоктугу айтылды.
Мындан тышкары, төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:
Ошондой эле көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатуу маселелери каралып, анда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүрдүн баасын атайылап көтөргөн соодагерлерди аныктоо боюнча рейд жүргүзүү тапшырмасы берилди.