• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош облусунда мамлекеттик бюджеттен миллиондорду уурдоо фактысы аныкталды

2 Бештин айы 2020 10:41 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан “С.Т.” ЖЧКнын жооптуу адамдарына карата мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат.

Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы аталган ЖЧК менен Ош шаарындагы Кеңсай турак жай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин жалпы суммасы 42,9 миллион сомдон ашык акча каражаттарын которгону аныкталды. Бирок, бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү жана суммасы 13 миллион сомго жакынды түздү.

2020-жылдын 26-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык аталган ЖЧКнын жетекчиси “П.Т” деген жаран кармалган.

28-ноябрда, Ош шаардык соту тарабынан кармалган адамга карата Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза өтүү чарасы колдонулган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ЖЧКнын кызыкчылыктарын лоббирлөөгө катыштыгы бар кызмат адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле, мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтарып берүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 939