УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жасалып жаткан мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, өлкө аймагында диний чөйрөдө нараазычылыктарды пайда кылып, мусулман коомчулугу ичинде өз ара ынтымак жана биримдике терс таасирин тийгизген фактылар тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.
«Ош шаардык казыятынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечит, медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп келген. Казыяттын кызматкерлеринин жеке кызыкчылыгындагы бул аракеттер өз кезегинде казыяттын ишмердүүлүгүнө гана эмес, мамлекеттик бийликтин дарегине карата да нараазычылыктарды пайда кылган. Бул фактылар боюнча жергиликтүү мечиттер жана медреселердин ишкерлери тарабынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгына арыз жазылган. Анын негизинде Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине карата КР КЖК 209 бер. 2 жана 4- пунктары менен кылмыш иши козголгон. Атайын ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп, алынган маалыматтар жана тастыкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаардык сотунан тинтүү жүргүзүүгө уруксат алынып, Ош шаардык казыятынын “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, “Д.Б.Х.” жана “С.А.К” аттуу кызматкерлеринин үйүндө жана Ош шаардык казыятындагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында акча чогултуу боюнча фактылар аныкталып, “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, соттун бөгөт коюу чарасы тандалганга чейин КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.
УКМК диний ишмерлерди жана муфтият, казыят мекемелеринин кызматкерлерин өлкөдөгү мусулман коомчулугунун ич ара бөлүнүп жарылууну жана нараазычылыктарды пайда кылуучу мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөнү, салттуу Ислам динине каршы чакырыктарга кайдыгерлик кылбоону эскертет.
Эске салсак, кечээ айрым басылмалар өздүк булактарына таянып Ош шаардык мусулмандар казыятынын башчысы Мирлан Токтомушев кармалганын жазышкан болчу.